Жаңылыктар
25.03.2024 09:53
Кароолор: 301
ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ТРЕНИНГИ ӨТТҮ
Үстүбүздөгү жылдын 15-18-март күндөрү ӨКМдин Ысык-Көл району боюнча ӨКБсынын кызматкерлери Кызыл ай коомунун ыктыярчылары менен биргеликте БУУнун Өнүктүрүү Программасы жана Япония өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашырылып жаткан пилоттук долбоордун негизинде Чолпон-Ата шаары, Чоң-Сары-Ой, Бостери айыл аймактарынын тургундарына Жарандык коргонуу тренинги өткөрүлдү.
Тренингдин катышуучуларына климаттын өзгөрүүсүнөн келип чыккан өзгөчө кырдаалдар жана анын түрлөрү, жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жана калкка кабарлоо системасы тууралуу сабактар өткөрүлүп, табигый кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча атайы нускамалоочу баракчалар таратылды.
Жалпы 200 киши катышкан тренинг “Кырсыктарга мониторинг жүргүзүүнүн улуттук тутумун жана коомчулуктун адаптациялык потенциалын чыңдоо аркылуу бийик тоолордогу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусунун кесепеттерин азайтуу” тапшырмасын “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун пилоттук долбоорунун алкагында жүрдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР