Жаңылыктар

28.08.2023 09:27

   Кароолор: 1673

Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун өкүлдөрү машыгууну талкуулашты

Бүгүн, 28-августта ӨКМдин борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун, Жарандык коргонуу уюмдарынын, ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын адистери катышкан жыйыны өттү.

Министрликтердин өкүлдөрү катышкан жыйында КР Президенти С.Жапаров бекиткен “Жарандык коргонуунун 2023-жылга карата Даярдык планына” ылайык, Жарандык коргонуу башчысынын жетекчилигинде ЖК мамлекеттик тутумунун башкаруу органдары менен “Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар коркунучу жаралганда жана катталганда ЖК тутумунун аймактык, тармактык тутумчаларынын башкаруу органдарынын, күч-каражаттарынын аракеттери” аталышында республикалык деңгээлде Ысык-Көл облусунда өтүүчү республикалык командалык-штабдык машыгууга сапаттуу даярдануу, иш-чараны өткөрүү талкууланды.

Мында усулдук сабак өткөрүлүп, машыгуунун алкагында аткарыла турган иш-чараларга көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча маалыматтар талкууланды.

Белгилей кетсек, республикалык масштабдагы командалык-штабдык машыгуу үстүбүздөгү жылдын 6-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун аймагында өткөрүлмөкчү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу