Жаңылыктар

29.03.2024 09:30

   Кароолор: 142

ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАР КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ИШ АЛЫП БАРУУДА

ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Бишкек шаардык жана Чүй облустук башкармалыктарынын башчылары Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте катуу шамалдын кесепеттерин тактоо үчүн райондорду кыдырышты.

Анда табигый кырсыктын кесепетинен жабыркаган объекттерди жеринде көрүп, ыкчам чара көрүү тапшырмалары коюлду. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн башчылары Жарандык коргонуу коммиссиялары менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 28-мартында борбор калаада ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Натыйжада Бишкек шаарында Чүй облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

(сүрөттөр Бишкек шаарынын мэриясынын сайтынан алынды)

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу