Жаңылыктар
12.04.2025 22:20
Кароолор: 443
ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КОМИССИЯСЫ ЫСЫК-КӨЛДӨ КАТУУ ШАМАЛДЫН КЕСЕПЕТТЕРИН АНЫКТАДЫ
2025-жылдын 11-апрелинен 12-апрелине караган түнү ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткен катуу шамалдын кесепетинен Тоң районунун Б.Мамбетов айыл аймагындагы Туура-Суу айылы боюнча жалпы 35 турак үй (29 турак үй камсыздандырылган ), 26 чарбалык курулуштар, 3 социалдык объекти (мектептин көмүрканасынын чатыры, ФАПтын сырткы шыбагы, күнөскананын чатыры) жабыркаган.
Бүгүн, 12-апрелде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы абалды көзөмөлдөө максатында жеринде болушуп, келтирилген материалдык чыгымды аныкташты. Ага ылайык болжол менен жалпы 1 436 775 сом (анын ичинен социалдык объектилер 101 200 сом) зыянга учураганы белгилүү болуп, акт түзүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР