Жаңылыктар
07.02.2025 14:23
Кароолор: 813
ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА ОКУТУУЛАР УЛАНУУДА
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борборунун Ош шаарындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо кафедрасынын окутуучулары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жаңы кабыл алынган кызматкерлер окутулду.
ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Газ-түтүндөн коргоо кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн бул окуулар Борбордун акы төлөп билим берүү мерчемине ылайык жүргүзүлүп, ага катышкан кызматкерлер өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, газ-түтүндөн коргонуунун ыкмалары, дем алуу аппараттарын туура пайдалануу жолдору, өрт кырсыгы катталган учурда көрүлө турган алгачкы аракеттер жана башка тактикалар боюнча теориялык жана практикалык сабактарды алышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР