Жаңылыктар
12.03.2025 14:56
Кароолор: 1206
ЖАРАНДЫК КОМИССИЯ ЖЕР ТИТИРӨӨ БОЮНЧА ТАКТОО ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ
Бүгүн саат 09:11де Ош облусунун аймагында күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөдөн Кара-Суу районунун Мады айылынындагы турак үйдө эки бөлмөнүн ортосунда чийки кыш менен тосулган тосмо кулап түшкөнү кабарланды. Жерине жарандык коргонуу комиссиясы барган учурда үй жабыркаган эмес.
Кошумча жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин, Жоош, Датка, Баш-Булак айыл аймактарындагы турак-үйлөрдө, социалдык объектерде жүргүзөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР