Жаңылыктар

17.06.2025 11:48

   Кароолор: 175

ЖАРАКСЫЗ АБАЛГА КЕЛГЕН ЖЕРЛЕР ЖАШЫЛДАНДЫРЫЛАТ 

КР ӨКМ менен Улуттук илимдер академиясы RESILAND долбоорунун алкагында жаратылышка негизделген “жашыл” чечимдерин ишке ашырат

Кыргыз Республикасында «КРде ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү» (KG RESILAND) долбоорунун алкагында биринчи илимий-изилдөө контрактын ишке ашыруу башталды. Долбоор RESILAND CA+ программасынын алкагында ишке ашырылып, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда.

Контракт Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Улуттук илимдер академиясынын Биология институтуна караштуу П.А. Ган атындагы Токойду изилдөө илимий-өндүрүш борборунун ортосунда түзүлдү.

Контрактка кол коюу аземи Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А. Мазариповдун катышуусунда өтүп, ал илимий негизделген жаратылыштык чечимдерди колдоодо өлкөнүн климатынын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатууда өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Контракттын негизги максаты KG RESILAND долбоорунун алкагындагы 22 артыкчылыктуу тилкеде коргоочу токой көчөттөрүн отургузуу боюнча улуттук методологияны иштеп чыгуу жана аны сыноо.

“Жашыл” чечимдер — бул жаратылышты коргоо чаралары гана эмес, сел, суу каптоо жана көчкү сыяктуу коркунучтарга каршы туруктуу жана заманбап ыкма. Коргоочу токой тилкелери эрозиянын алдын алат жана жер көчкү коркунучун азайтып, жараксыз абалга келген жерлерди калыбына келтирүүгө жардам берет.

Коргоочу токой тилкелери Кыргызстанда жаратылышка багытталган жана биоинженердик комплекстүү чечимдердин (Nature-Based Solutions, NBS) негизги элементтеринин бири болуп эсептелет.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу