Жаңылыктар

19.02.2024 12:13

   Кароолор: 771

ЖАҢЫЛАНГАН ТЕХНИКАЛАР КАЛКТЫ ЖАНА АЙМАКТАРДЫ СЕЛ, СУУ ТАШКЫНДАРЫНАН КОРГОО ЖУМУШУН ИЛГЕРИЛЕТТИ

✅ЖАҢЫЛАНГАН ТЕХНИКАЛАР КАЛКТЫ ЖАНА АЙМАКТАРДЫ СЕЛ, СУУ ТАШКЫНДАРЫНАН КОРГОО ЖУМУШУН ИЛГЕРИЛЕТТИ

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги республиканын аймагында жаз мезгилинин алды менен аба ырайынын кескин түрдө жогорулашы менен күтүлүүчү табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, материалдык чыгымдарды болтурбоо, кырсыктардын тобокелин азайтуу максатында жергиликтүү бийилик органдары менен биргеликте комплекстүү алдын алуу иштерин аткарып келет.

Тактап айтканда, калкты жана аймактарды сел, суу ташкындарынан коргоо, табигый мүнөздөгү кырсыктардын алдын алуу максатында министрлик тарабынан жыл сайын эки багытта жумуштар жүргүзүлөт. Алар:

“Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чаралары жана “Капиталдык курулуш, авариялык калыбына келтирүү” иштери.

✅Сел, суу ташкындарынан коргоо жумушу соңку 3 жыл ичинде алынган инженердик 100дөн ашуун техникалардын жардамы менен тез ылдамдыкта жана сапаттуу жүрүүсүнө шарт түзүлдү. Буга чейин техникалык жетишсиздик болгондуктан ар бир облуста кезек-кезеги менен иш аткарууга туура келсе, азыр бир эле учурда республика боюнча жумуштарды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Ошондой эле 2023-жылдын апрель айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында габион торчолорун автоматтык түрдө өндүргөн чакан цехтер өлкөнүн Ош шаарында жана Чүйдүн Беловодск айылында ачылган. Маселен, буга чейин сел, суу ташкындарынан дарыя, арыктардын жээктерин бекемдөөө ишине эң зарыл болгон габион торчолорун кол менен жасап, жетпеген көлөмдү сырттан алып турган. Эми чакан цехтердин ишке кириши менен жумуш 10 эсе тез жана сапаттуу бүткөрүлүүдө.

Цех БУУнун Азык-түлүк программасынын алкагында Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ачылган.

2023-жылда 220 объект каралса, катталган өзгөчө кырдаалдардан улам жыл ичинде дагы кошумча 69 объект киргизилип, жалпы 289 объектте иш аткарылды.

Жүргүзүлгөн жумуштардын натыйжасында республика боюнча 10 264 турак жай, 4317 гектар айдоо аянты, 42 социалдык мекеме, 21 көпүрө, 10831 м ички чарбалык жол, 5 ЛЭП, 1 таза суу кампасы, 1 базар сел каптоо коркунучунан коргоого алынды.

Ал эми 2024-жылдын болжолдуу-планына ылайык, республика боюнча жалпысынан 194 объектиде жумуш алып баруу бекитилди. Бүгүнкү күндө Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жалпысынан 3 объектиде жумуштар башталып, кызуу жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу