Жаңылыктар

29.12.2023 11:12

   Кароолор: 610

ЖАҢЫ ЖЫЛДА БАЛДАРЫБЫЗГА ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК КААЛАЙЛЫ

Кечээ, 28-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын жана балдарын жалгыз тарбиялап, өстүрүп жаткан ата-энелерге жана балдарга Жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Балдардын жүрөгүнөн түнөк табуу, алардын маанайын көтөрүү майрамдык иш-чарасы министрликтин өлкө аймагындагы башкармалыктарында да өткөрүлүп, жүздөгөн балага майрамдык маанай тартуулашты. Алар онлайн байланышка чыгып, ӨКМ башчысынын каалоо-тилегине ортоктош болушту.

Министр, генерал-майор Бообек Ажикеев майрамдык салтанаттын башында туруп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде күжүрмөндүк менен иштеп, мекен үчүн жанын аябаган өздүк курамдын ичинде колдоо көрсөтө турган үй-бүлөлөр бар экендигине токтолду.

Учурда өзгөчө балдарды тарбиялаган жана балдарын жалгыз өстүрүп жаткан ата-энелердин эмгеги зор. Андыктан министрликтин башчысы келерки жылы үй-бүлө мүчөлөрүнө бактылуу балалык, шаңдуу маанай, бекем ден соолук, балдарга жаркын келечек каалады. Ошондой эле жалпы кыргызстандыктарга жакшылык тилеп, ар кандай кырсыктардан тышкары болуусун айтып өттү.

КР ӨКМ ПРЕСС БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу