Жаңылыктар
28.12.2023 09:47
Кароолор: 605
ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫ ЖАЛЫНСЫЗ ӨТСҮН
Апта башында ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын адистери базарларда, соода түйүндөрүндө майрамдын урматына атылуучу фейерверк, салют сыяктуу пиротехникалык буюмдардын кооптуулугун соодагерлерге эскертишти.
Бул буюмдардын экологияга, адамдардын ден соолукка тийгизген терс таасирин, өзгөчө балдар үчүн кооптуу экендигине токтолушту. Адистер майрам күндөрү коопсуздук эрежелерин так сактоону сунушташты.
Жарылуучу заттардын колдонуу эрежелерин алардын алып келүүчү кесепеттери тууралуу жана жарандардын коопсуздук эрежелерин камтыган маалыматтарды замандын талабына ылайык уюлдук телефон аркылуу ыкчам билүү үчүн “QR” код тууралуу кенен тааныштырып, 200дөн ашык адамга атайын баракчалар таркатылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жаңы жылды коопсуз тосууну сунуштайт!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР