Жаңылыктар
12.01.2024 10:20
Кароолор: 448
ЖАҢЫ ЖАБДЫКТАР АДАМ ӨМҮРҮН САКТООГО САЛЫМ КОШОТ
Кечээ, 11-январда Чүй району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Чүй райондук өнүктүрүү фонду тарабынан атайын долбоордун негизинде, 9 жүз миң сомго алынган жабдуулар тапшырылды.
Жыл башындагы көөдөн жарыла кубанткан саамалык Чүй райондук администрация башчысы, аким Алмаз Аттокуровдун катышуусунда ӨК бөлүмүнүн имаратында өттү.
“Куткаруучулардын ар бир кадамында адам өмүрүн сактоо милдети турат. Андыктан өнүктүрүү фонддон берилген керектүү шаймандар жана жабдуулар куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгына зор салым кошот”, - деп баса белгиледи аким.
Берилген 1 моторлуу жел кайык, 7 өрт өчүрүүчү кол жабдыгы, 2 принтер,, 2 фонарик, 2 мотопомпа, 30 өтүк, 4 дүрбү, 3 компьютер бар.
Бул жабдуулар авариялык-куткаруу жумуштарын аткарууда, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана алардын кесепеттерин жоюуда, эң башкысы адам өмүрүн сактоодо эбегейсиз чоң салымын кошот.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР