Жаңылыктар
08.09.2023 15:59
Кароолор: 427
Жаңы окуу жылына карата мектептердин өрт коопсуздугу текшерилди
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Талас жана Жалал-Абад облустарындагы башкармалыктарынын инспекторлору жана куткаруучулар жаңы окуу жылына карата облустардагы мектептерде өрт кырсыктарын болтурбоону жана тилсиз жоонун алдын алуу иштерин жүргүзүштү.
Окуучулардын коопсуз билим алуусун камсыз кылуу максатында алгачкы өрт өчүрүү жабдыктарынын иштөө абалы, жайгашкан орду, эвакуация пландары, суу түтүктөрүнүн иштөөсүү жана башка өрт коопсуздугун камсыздоо эрежелерине тиешелүү жабдыктары текшерилди.
Өрт коопсуздук эрежелери сакталбаган мектептердин жетекчилигине кемчиликтерди жоюп, коопсуз билим берүү шарттарын түзүү эскертилди. Мындан сырткары мугалимдерге коопсуздук эрежелери түшүндүрүлүп, нускамаларды өтүштү
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР