Жаңылыктар
11.07.2025 15:43
Кароолор: 271
ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ӨРТ КООПСУЗДУГУН ТЕКШЕРҮҮ КҮЧӨТҮЛДҮ
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев өлкөдөгү мамлекеттик жана жеке менчик объектилердин өрт коопсуздугун текшерүүнү күчөтүүнү, ошону менен катар билим берүү мекемелеринде бузууларды дыкат текшерип, окуу жылынын башталышына чейин жогорку даярдыкка келтирилүүсүн тапшырды.
2025-жылдын башынан бери республика боюнча жогорку окуу жайынан тартып, бала бакчаларга чейин жалпы 2773 билим берүү мекемеси текшерилип, 11864 өрт коопсуздугуна каршы келген бузуулар аныкталган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР