Жаңылыктар

10.11.2023 17:02

   Кароолор: 1180

ЖАЛБЫРАКТЫ ӨРТТӨБӨҢҮЗ... ТҮТҮН МЕНЕН ЗЫЯНДУУ ЗАТ БӨЛҮП ЧЫГАТ

Күз келип, айланада жаратылыштын сары боёгу тартылат. Чар тарап өзгөргөн сулуулук адам баласын суктандырбай койбойт эмеспи. Кеч күздө жалбырактар түшүп, бут алдыңда шуудурайт. Бул болсо жаратылыштын мезгил алмашкандагы бир касиетидир.

Ал эми жерге түшкөн жалбырактар өрттөлүп, алардын түтүнү бүтүндөй шаарды, айылды каптап калганын эч кимибиз тана албасак керек. Түтүн ого бетер абага зыяндуу заттарын чыгарат. Ошентсе да шуудураган жалбырактарды өрттөгөнгө шашабыз.

Эмне үчүн жалбырактарды өрттөгөнгө болбойт жана аларды эмне кылыш керек?

Түшкөн жалбырактарды өрттөө – адам өмүрүнө өтө зыяндуу. Жаз, жай айларында көмүр кычкыл газын жана ар кандай заттарды, түтүн-ышты өзүнө сиңирет. Мындай заттарды сиңирип алган жалбырактын түтүнү абаны булгап, экологияга олуттуу таасир тийгизиши мүмкүндүгүн жана анын түтүнү адамдарда рак ооруларын алып келерин дүйнө окумуштуулары айтып келет. Демек, биз жалбырактардын түтүнү аркылуу зыяндуу заттарды дем алып жатабыз.

Андыктан жалбырактарды өрттөгөнгө шашпай, топуракка көмүп коюу туура. Жаз алды менен чириндиге айланып, өсүмдүктөргө пайдалуу азык болмок.

Ал эми таштандыларды, жалбыракты өрттөгөн жарандарга жергиликтүү бийлик тарабынан айып пул салынарын эске салабыз.

Бул тууралуу “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин” 115-беренесинин 2-пунктунда белгиленбеген жерлерге таштандыларды, турмуш-тиричиликтик катуу, өндүрүштүк, өнөр жай калдыктарын, ошондой эле жалбырактарды өрттөгөндөргө төмөнкү көрсөткүчтө айып пул салынары жазылган.

Жалбырактарды таштоо, өрттөө айыптардын 4-категориясында каралып, жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же болбосо жеке жактарга – 7 миң 500 сом, юридикалык жактарга – 23 миң сом айып пул салынат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу