Жаңылыктар
06.02.2024 20:31
Кароолор: 1301
ЖАЛАЛ-АБАД:ТАЗАЛОО ЖУМУШТАРЫ 70 ПАЙЫЗГА ЖАКЫНДАДЫ
Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров өзүнүн Жалал-Абадда болгон иш сапарында, шаардагы Жазаларды аткаруу кызматына караштуу мурунку №10 түзөтүү абагынын имараттарын бузуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев мерчемделген тазалоо иштери 70 пайызга жакындап калганына белгилеп өттү.
Аталган түзөтүү мекемелеринин ордуна административдик имарат курулуп, шаардыктар үчүн сейил бак, музей, оюн-зоок борбору салынат.
Белгилей кетсек бул мурунку түзөтүү абагын бузуп тазалоо иштери өткөн жылдын 25- декабрынан башталган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР