Жаңылыктар
05.03.2025 09:26
Кароолор: 890
ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ ООРУКАНАЛАРДЫН ӨРТ КООПСУЗДУГУ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ
Кечээ Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан Кан борбору жана Түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр хирургиялык илимий борбору өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын облустук бөлүмүнүн инспекторлору жана Жалал-Абад шаары боюнча ӨКБнүн офицерлери текшеришти.
Аталган аймактардагы өрт коопсуздугунун талаптары аткарылышы текшерилип, кемчиликтер бар экендиги аныкталган. Оорукана жетекчилигине 30 күн ичинде коопсуздукту эрежелерине ылайык, кемчиликтерди калыбына келтирүүгө эскертүү жазуу түрүндө берилди.
Жалал-Абад облусунда жайгашкан Саламаттык сактоо министрлигине караштуу мекемелердин баары 28-мартка чейин текшерүүгө алынат. Берилген эскертүүлөр өз мөөнөтүндө аткарылбаса, Кырыгыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 143/434-беренелеринин негизинде айып пул салуу каралат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР