Жаңылыктар

16.01.2025 20:11

   Кароолор: 779

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ ИЗДӨӨ ИШИ КЕЧ КИРГЕНДИГИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ

Таш-Көмүр шаарында дайынсыз болуп жаткан жергиликтүү тургунду издөөгө бүгүн эрте менен ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун башчысы, подполковник Ы.Жолдошбаевдин жетекчилигинде 19 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, жалпы 22 жаран менен кошо 1 дрон тартылган болчу.

Кеч киргендигине байланыштуу бүгүгкү күнгө карата издөө иштери убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок. Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары Сүттүү-Булак тилкесиндеги чабандын үйүндө түнөккө калышкан. Алар эртең, 17-январь күнү кайрадан издөө иштерин улантууга чыгышат.

Маалымат катары айта кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери издөө улантылып келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу