Жаңылыктар
24.02.2025 19:07
Кароолор: 146
ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ ЭСКИ-МАСЫ ДАРЫЯСЫНЫН 400 м СОЛ жана ОҢ ЖЭЭКТЕРИ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ
ӨКМдин алдындагы Сел жана Суу ташкындарынан коргоо кызматынын Жалал-Абад облусундагы бөлүмү тарабынан Ноокен районундагы Эски-Масы дарыясынын кооптуулук жараткан оң жана сол жээктерин кайрадан калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө.
Өткөн жылы жаз-жай айларында жаан-чачын көп жаагандыктан Эски-Масы дарыясында суунун дээңгели көтөрүлүп, тосмолору бузулгандыктан жакын жайгашкан калктуу конуштарга, айыл чарба жерлерине коркунуч жаралган.
Буга байланыштуу жергиликтүү бийликтин кайрылуусу менен республикалык бюжеттин атайын эсебинен 14 миллон 300 миң сом акча каражаты бөлүнүп, дарыянын оң жана сол жээктеринин 400 метр аралыгы темир бетондор менен бекемдөө жумуштары жүрүүдө.
Иштин натыйжасында Ноокен районуна караштуу Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн 572 кожолугу жана 119 гектар айыл чарба жерлери сел кооптуулугунан корголот. Учурда жумуштун 40 пайызы бүткөрүлүп, жумуш өз нугунда жүрүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР