Жаңылыктар
03.07.2026 13:27
Кароолор: 98
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖЕР КӨЧКҮНҮ МАЖБУРЛАП ТҮШҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ
Жалал-Абад облусунун аймагында калктуу конуштардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жер көчкү коркунучун азайтуу максатында жер көчкүнү мажбурлап механикалык жол менен түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иш-чараны ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор даярдалып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи жолу колдонулуп жатат.
Долбоор жер көчкү коркунучун алдын алууга, адам өмүрүн жана турак жайларды коргоого багытталган. Аталган иштер эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен жүргүзүлүп, долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандардын коопсуздугун камсыздоо багытындагы алдын алуу иш-чараларын мындан ары да ырааттуу улантат.