Жаңылыктар
20.12.2024 20:11
Кароолор: 202
ЖАЛАЛ-АБАДДА ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ 3 БӨЛҮМ ТАРТЫЛДЫ
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө жайгашкан "Үмүт" социалдык шаарчасында турак үйдөн өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө №20 ӨК-КБдан саат 22:41де бир бөлүм, саат 22:44тө №59 ӨК-КБдан бир бөлүм, ал эми саат 23:00дө №65 ӨК-КБдан бир бөлүм жалпы 3 бөлүм тартылды. Сузак району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы майор Каныбек Маматкуловдун жетекчилиги астында саат 23:25те тилсиз жоо курчоого алынып, толук өчүрүү жумуштары жүрүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР