Жаңылыктар

19.02.2025 11:05

   Кароолор: 408

ЖАЛАЛ-АБАДДА СЕЛ КЫРСЫКТАРЫН АЛДЫН АЛУУ ЖУМУШТАРЫ ЖҮРҮҮДӨ

КР ӨКМдин Жалал-Абад облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы Сузак жана Базар-Коргон райондорун аралап аккан Көк-Арт жана Кара-Үңкүр дарыяларындагы кооптуу тилкелерди изилдеп, райондук мамлекеттик администрация жана айыл өкмөт башчыларына тиешелүү аймактарда алдын алуу жумуштарын жүргүзүү тууралуу эскертме каттарын беришкен.

Эскертмелердин негизинде Көк-Арт дарыясынын оң жээгинде Орто-Сай тилкесинде убактылуу суунун нугун буруучу 100 метрден эки шпора Кызыл-Туу айыл өкмөтү тарабынан курулууда.

Мындан сырткары Кара-Үңкүр дарыясынын сол жээгин МТФ участогундагы турак жайлардын, айыл-чарба жерлерин сел кырсыктарынан коргоо максатында жергиликтүү бийлик тарабынан 367 000 сом акча каражаты бөлүнүп, жергиликтүү бийлик тарабынан 85 метр аралыкка шпора курулууда.

Алдын алуу жумуштарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери толугу менен көзөмөлгө алып, жаз жай айларында катталуучу сел кырсыктарын алдын алуу жумуштарын алып барышууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу