Жаңылыктар

01.04.2024 18:00

   Кароолор: 351

ЖАЛАЛ-АБАДДА ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН АЛДЫН АЛУУ ЖҮРҮҮДӨ

Бүгүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драм театрына өзгөчө кырдаалдардын алдына алуу жана өрт кырсыгын болтурбоо максатында ӨКМге караштуу өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы жана Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан пландуу текшерүү жүргүзүлдү.

Аталган объект тиешелүү адистер тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынып, өрт коопсуздугунун ченемдерине жана эрежелерине ылайык жумуш иш жүрбөгөнү аныкталды.

Белгиленген аймактагы кетирилген кемчиликтер адистер тарабынан аныкталып, көрсөтүлгөн убакытта аткаруу боюнча эскертүү берилди. Ошондой эле өрт кырсыгынын алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драмтеатры 1960-жылдан тартып коомчулукка маданий иш-чараларда кызмат көрсөтүп келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу