Жаңылыктар

27.11.2024 12:30

   Кароолор: 148

ЖАЛАЛ-АБАДДА КУТКАРУУЧУЛАРДЫН КҮЖҮРМӨН ДАЯРДЫГЫ БААЛАНУУДА

25-26-ноябрь күндөрү Өзгөчө кырдаалар министри генарал-майор Бообек Ажикеевдин буйругунун негизинде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район-шаардык түзүмдүк бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери аттестациядан өтүшүүдө.

Министрликтен түзүлгөн комиссия аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын, билим деңгээлин, аскердик тартибин, жалпы уставдагы талаптардын аткарышын, ыкчам жана мобилизациялык даярдыктарын текшеришти.

Белгилей кетсек, аттестациялоонун тартибине ылайык, аттестацияны мыкты тапшырган аскер кызматкерлери кадрлар резервине киргизилет. Кызмат боюнча көтөрүлүү, сыйлоо сыяктуу артыкчылык укугун кадрлар резервинде турган офицерлер колдонот.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу