Жаңылыктар
22.04.2025 18:03
Кароолор: 226
ЖАЛАЛ-АБАДДА КАРА-ДАРЫЯНЫН СУУ НУГУН ТҮЗДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Кара-Дарыя дарыясында суунун нугун түздөө иштери жүрүүдө.
Ал үчүн КР ӨКМден 5 оор техника тартылып, тиешелүү жумуштар аткарылууда. Аталган аймакта суу нугун буруу иштери аяктаса, 500 га айыл чарба жери, 200 кожолук сел кооптуулугунан корголот.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусу боюнча 42 объектиде атайын алдын алуу жана кесепетТерин жоюу иш-чарасы жүргүзүлөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР