Жаңылыктар
13.01.2025 09:29
Кароолор: 626
ЖАЛАЛ-АБАДДА ИЗДӨӨ ИШИНЕ 58 АДАМ ТАРТЫЛДЫ
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө ишин улантуу максатында бүгүн, 13-январда ӨКМден 38 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана туугандардан 10, жалпы 58 адам, ошондой эле 4 дрон тартылды.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрь күнү Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1978-ж.т. М.Д. аттуу адам Сүттү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР