Жаңылыктар

30.05.2025 12:01

   Кароолор: 572

ЖАЛАЛ-АБАДДА ИЗДЕЛИП ЖАТКАН АЯЛДЫН СӨӨГҮ ДАРЫЯ ЖЭЭГИНЕН ТАБЫЛДЫ

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында жоголуп жаткан 65 жаштагы аялдын сөөгү бүгүн, 30-майда саат 09:50дө Чаткал дарыясынын жээгинен табылды.

Эске салсак, 28-май күн саат 19:30 чамасында Каныш-Кыя айылынын Маданият көчөсүндө жайгашкан үйүнөн 1960-жылы туулган Д.З. аттуу аял киши чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар эки күндөн бери издөөгө алышкан.

Бүгүнкү издөө иштерине Чаткал райондук №81 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылып, натыйжада аялдын сөөгүн Чаткал дарыянын жээгинен таап, туугандарына өткөрүп беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу