Жаңылыктар

04.03.2025 15:30

   Кароолор: 240

ЖАЛАЛ-АБАДДА БАНК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ КӨРСӨТҮЛДҮ

Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери калаада өрт кырсыктарынын алдын алуу жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында "МБАНК" ААКнын филиалында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүштү.

Имарттын ичинде өрт чыкандыгы боюнча маалымат 101 номерине кабарланып, түтүндө калган жарандар өрт-өчрүүчүлөр, куткаруучулар тарабынан эвакуацияланды. Ал эми сценарий боюнча өрт курчоого алынып, өз учурунда өчүрүлгөн.

"МБАНК" ААКнын Жалал-Абад башкы дирекциясынын филиалынын кызматкерлерине өрт кырсыгын алдын алуу жана болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрт кырсыгынан сактануу эрежелери көрсөтүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу