Жаңылыктар
27.05.2025 12:10
Кароолор: 189
ЖАЛАЛ-АБАДДА БАЛА БАКЧАДАН ӨРТ ЧЫГЫП БАЛДАР ЭВАКУЦИЯЛАНДЫ
Алдын ала маалымат боюнча Жалал-Абад шаарында жайгашкан А.Новои көчөсүндө жеке балдар бакчанын аш канасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 11:48де ыкчам нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:49да Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 1-жана 2-бөлүм тартылып, бала бакчадагы 32 өспүрүм куткаруучулар тарабынан эвакуцияланып, газ баллондор коопсуз аймакка чыгарылды.
Өрт чыккан аймактын жалпы аянты 120 чарчы метрди түздү.
Өрттүн чыгуу себептери такталууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР