Жаңылыктар

31.03.2025 18:24

   Кароолор: 422

ЖАЛАЛ-АБАДДА 40 МИҢ КӨЧӨТ ОТУРГУЗУЛУУДА

Жалал-Абад облусунда «Жашыл мурас» улуттук программасынын алкагында 100 гектар аянтка 40 миң көчөт отургузулууда. Иш-чара Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен уюштурулуп, ага КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Экологияны жакшыртуу үчүн заманбап сугат системасы орнотулуп, жаңгак, фисташка, бадам, алма, карагай, өрүк сыяктуу бак-дарактар тигилүүдө. Бул демилге аймактагы жашыл алкакты кеңейтүү менен экотуризмди өнүктүрүүгө да салым кошот.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу