Жаңылыктар
10.01.2025 09:49
Кароолор: 630
ЖАЛАЛ-АБАД: ЖОГОЛГОН ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨ ИШТЕРИНЕ 54 АДАМ ТАРТЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАД: ЖОГОЛГОН ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨ ИШТЕРИНЕ 54 АДАМ ТАРТЫЛДЫ
Бүгүн, 10-январда 46 жаштагы таш-көмүрдүк жаранды издөө иштерине ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А.Закировдун жетекчилигинде жалпы 54 адам, 4 дрон тартылды. Спутник байланыш колдонууда.
Издөө иштерине катышып жаткандардын 33ү ӨКМдин куткаруучулары, 15 ИИМдин кызматкерлери жана туугандарынан 6 адам тартылды.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын тургуну М.Д. (1978-ж.т.) Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп жатат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР