Жаңылыктар

27.06.2024 13:20

   Кароолор: 534

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖК КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ

Бүгүн, Ала-Бука районунун аймагында, облустук Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарынын күч каражаттарын тартуу менен «Эл аралык уюмдардан келген гуманитардык жардамдарды кабыл алуу, сактоо жана жабыр тарткан аймактарга бөлүштүрүү боюнча иш чараларды уюштуруу» темасында атайын машыгуу өтүүдө.

Белгиленген иш-чаранын жүрүшүндө райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын түзүлгөн кырдаалды башкара билүүсү, анализдөө жана ар бир кызматтын аткара турган жумушунун иш пландары текшерилип, күч каржаттарынын даярдыгы көзөмөлгө алынды.

Машыгуу учурунда кетирилген кемчилдиктер түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталып, айрым райондук ЖК кызматынын башчыларына кызмат ордун кароо боюнча сунуштар берилери маалымдалып, кетирилген кемчилдиктерди өз убагында жоюу талабы коюлду.

Белгилей кетсек аталган машыгуу Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуу башчысы Абсаттар Сыргабаевтин буйругунун негизинде өтүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу