Жаңылыктар

07.09.2023 11:37

   Кароолор: 358

Жалал-Абад: Жийде-Сай сайынын жээгин бекемдөө жумуштары жүрүүдө

Аксы районуна караштуу Назаралиев айыл өкмөтүнүн Жийде-Сай сайынын нугун түздөө жана сол жээгин бекемдөө жумуштары жүрүүдө.

Ал үчүн КР ӨКМнин 2 оор техника бөлүнүп жээк коргоочу тосмонун тулкусу көтөрүлүп, бекемдөө үчүн 50 тонна цемент, 7 тонна 380 килограмм арматура бөлүнүп берилген.

Бетон кую иштери жергиликтүү бийлик тарабынан колго алынып, Жийде-Сай сайын 200 метр аралыгын бекемдөө жумуштары кызуу жүрүүдө.

Аталган жээк бекемдөө иштеринин натыйжасында 15ке жакын турак жай жана 50 гектар айыл чарба жерлери сел кооптуулугунан корголот.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу