Жаңылыктар

14.08.2024 18:52

   Кароолор: 356

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТУРГУНДАРДЫН КАЙРЫЛУУСУНА ТОЛУК КАНДУУ ЖООПТОР БЕРИЛДИ

Чаткал жана Ала-Бука районунун тургундары менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев бардык министрликтин өкүлдөрү жолугушуп, көйгөйлүү маселелерди жеринен чечүү аракеттерин көрүшүүдө.

Район аймагындагы бир топ көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, сел жүрүү, жер көчкү, дарыя жээктериндеги кооптуу аймактарды бекемдөө боюнча берилген суроолорго жооп берилип, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 2025-жылы болжолдуу аткарылуучу иштер боюнча маалыматтар берилди.

Мындан сырткары бул жылы Ала-Бука районунун 1-май айыл өкмөтүндө жаңы заманбап жергиликтүү бийлик тарабынан салынган өрт өчүрүү бөлүкчөсү пайдаланууга берилүүсү маалымдалып, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча жумуштар жогорку деңгээлде жүргүзүлүп жатканы эл менен жолугушуу учурунда маалымат ирээтинде айтылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу