Жаңылыктар

17.05.2024 18:07

   Кароолор: 414

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ ТИЕШЕЛҮҮ ЖУМУШТАР АТКАРЫЛАТ

ӨК министринин орун басары Эделбек Кулматов Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте кооптуулук жараткан аймактарды жеринен көрүп, бир катар тапшырмаларды койду.

Мындан сырткары ал Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарында ички арыктарды тазалоо жана кеңейтүү боюнча сунуштарды берип, тынымсыз жааган жаан учурунда турак жайларды селден коргоп, жергиликтүү тургундар материалдык чыгым тартпашы керек экендиги белгиледи.

Бишкек — Ош автоунаа жолунун 414-426-чакырымдарындагы таш кулоо кооптуулугу бар аймактар да тиешелүү адистер менен биргеликте көзөмөлгө алынды.

Жеринде жол тейлөө ишканасынын тийиштүү өкүлдөрүнө Бишкек —Ош жолунун кооптуу тилкелеринде тынымсыз жумуш алып баруу тапшырмасын берди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу