Жаңылыктар

10.05.2024 22:57

   Кароолор: 679

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖЕР КӨЧКҮ ТҮШҮП, ЖОЛ КАТТАМЫ ЖАБЫЛДЫ

10-май күнү саат 22:30 чамасында Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 364-чакырымында жер көчкү жылып, унаа өтүүчү жолду жаап калган.

Учурда жол каттамы жабык. Тазалоо иштери 11-май күнү "Чайна-Роуд" ишканасы тарабынан жүргүзүлөт.

Жеринде ИИМдин ЖКККББ тарабынан пост уюштурулду.

Белгилей кетсек, аталган аймакта 28-апрель күнү 1900 м3 жер көчкү жолго түшүп, 29-апрель күнү ачылган.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу