Жаңылыктар

07.05.2024 13:47

   Кароолор: 179

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖЕР КӨЧКҮ АКТИВДЕШКЕНИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ 10 ҮЙ-БҮЛӨ КӨЧҮРҮЛҮҮДӨ

Аксы районуна караштуу Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн Жүзүмжан айылында эски көчкү активдешип баштагандыгына байланыштуу, кооптуу аймакта жашаган 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүүдө.

Жеринде ӨКМдин КжАКБнын башчысы, полковник А.Сулайманов, Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А.Закиров, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адиси райондук Жарандык коргоо кызматтары тартылып, кырдаалды жеринен көзөмөлгө алышууда.

Үй-бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүрүү үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тартылып, көчүрүү комиссиясы тарабынан автоунаалар бөлүнүп, коопсуз аймакка чыгарылууда.

Жалал-Абад облусунун аймагында 1020 кооптуу аймакта 1067 үй-бүлө турмуш-тиричилигин улантып келишүүдө. Жыл сайын жаз-жай мезгилдеринде башкармалыктын түзүмдүк бөлүктөрүнүн өздүк курамы тарабынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тургундарга эскетүү баракчалары берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу