Жаңылыктар
22.09.2023 12:22
Кароолор: 363
Жалал-Абад: Жеңүүчүлөр аныкталды
Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнүн алкагында Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан мектеп окуучулары катышкан "Жаш куткаруучу" аталышындагы кароо сынак өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага шаар аймагындагы мектеп окуучуларынан түзүлгөн 13 команда катышып, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР