Жаңылыктар

06.04.2024 10:08

   Кароолор: 399

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖАШ КӨЧӨТТӨРДҮ ОЛТУРГУЗУУ ИШТЕРИ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ

"Жашыл Мурас" улуттук компаниясынын алкагындагы ӨКМдин Жалал-Абад облустук өзгөчө баалуу токойлор боюнча башкармалыгы тарабынан Арстанбап, Кочкор-Ата, Кара-Алма, Авлетим, Ринжит, Аркыт, Токтогул токой чарбаларында 15 миңден ашуун жаш көчөттөрдү отургузуу жана толуктоо иштери жүргүзүлдү.

Аталган акцияга райондук мамлекеттик администрация башчылары мекеме уюмдардын өкүлдөрү, өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүмү, токой чарба кызматкерлери катышууда.

Башкы максат жаш көчөттөрдү олтургузуп, тоолордун Экосистемасын коргоо багытталат.

Маалымат катары айта кетсек бул жылы Жалал-Абад облусунда 5 миллиондон ашуун көчөттөрдү олтургузуу иштери жүргүзүлөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу