Жаңылыктар

16.04.2024 12:03

   Кароолор: 41

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН КҮЧ КАРАЖАТТАРЫ ТИЕШЕЛҮҮ ЖУМУШТАРЫН АЛЫП БАРУУДА

Бүгүн облустун Аксы, Кара-Көл, Жалал-Абад шаарларында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен бир топ турак жайлардын жана көп кабаттуу үйлөрдүн социалдык обьектилердин жертөлө жана короолорун сел суулары каптаган.

Кырдаалга байланыштуу жеринде жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары жана КР ӨКМнин облустук башкармалыгынан түзүлгөн ыкчам топ тартылды.

Мындан сырткары, район-шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттары даярдыкка келтирилип, өз аймактарында тиешелүү жумуштарды алып барууда.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 10го жакын жеке турак үй, 3 социалдык объект жана 1 жеке менчик соода түйүндүн жертөлө, короолорун сел суулары каптаган.

Учурда жерине шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынан жалпысынан 123 кызматкер, 8 техника тартылып, мотопомпанын жардамында сел суулары тартылууда.

Мындан сырткары Кара-Көл шаарынын аймагындагы Бишкек-Ош авто унаа жолунун 420-426-чакырымдарында жолго таш кулап, жүргүнчүлөргө кыйынчылыктар жаралгандыктан, жеринде №30 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 2 оор техника жана тиешелүү кызматкерлер тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Жол эки тараптуу ачык.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу