Жаңылыктар
31.07.2024 16:27
Кароолор: 155
ЖАЛАЛ-АБАД: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН АБАЛЫ БААЛАНДЫ
30-31-Июль күндөрү Ноокен районунун Жарандык коргонуу кызматтарынын өзгөчө кырдаал катталган учурдагы аракеттери бааланды.
ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан комиссия курамы түзүлүп, 30-31-июль күндөрү район аймагындагы Жарандык коргонуу кызматтарын күч жана каражаттарын тартуу менен өзгөчө кырдаалдар катталган учурда жергиликтүү бийликтин өз ара аракеттери, сапаттуу иш жүгүртүүлөрү көзөмөлгө алынып, кемчиликтерди толуктоо жана өзгөртүү талаптары коюлду.
Мындан сырткары райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын өзгөчө кырдаал катталаганда аткаруучу жумуштары тууралуу маалыматтар берилди.
Аталган иш-чара облустук Жарандык коргонуунун планына ылайык өткөрүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР