Жаңылыктар
09.08.2024 11:07
Кароолор: 177
ЖАЛАЛ-АБАД: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН АБАЛЫ БААЛАНДЫ
Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуунун 2024-жылга бекитилген даярдык иш-планына ылайык 8-9-август күндөрү Токтогул районунун Жарандык коргонуу кызматтарынын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы боюнча абалы бааланды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан атайын комиссия курамы түзүлүп, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын иш кагаздары жана күч каражаттары тыкыр көзөмөлгө алынып, кемчиликтер аныкталып, белгиленген мөөнөт ичинде калыбына келтирүү талабы коюлулду.
Башкы максат облус аймагында ар түрдүү өзгөчө кырдаалдар катталган учурда район-шаардык Жарандык коргонуу кызматтары туура жана так иш алып баруу эрежелерин үйрөтүүгө багытталат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР