Жаңылыктар
09.10.2024 13:04
Кароолор: 380
ЖАЛАЛ-АБАД: ЖАҢЫ ӨРТ-ӨЧҮРҮҮ ЖАНА КУТКАРУУ БӨЛҮКЧӨСҮ АЧЫЛАТ
Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнө жаңы заманбап өрт-өчүрүү жана куткаруу бөлүкчөсүнүн курулушуна капсула салынды.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров, жергиликтүү тургундар катышты.
Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл өкмөтү тарабынан өрт кырсыгы жана жол кырсыгы катталган учурда өрт-өчрүү жана куткаруу бөлүкчөсү алыс жайгашканы тууралуу маалыматтары так көрсөтүлгөн долбоор даярдалып, өнүктүрүү фондуна сунушталып колдоо тапкан.
Аталган өрт-өчүрүү жана куткаруу бөлүкчөсү ушул жылдын аягына чейин ишке берилүүсү башкармалыктын башчысы тарабынан маалымдалып, жаңы имарат калк үчүн тынымсыз кызмат кыларын белгиледи.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР