Жаңылыктар

24.08.2023 14:27

   Кароолор: 231

Жалал-Абад: Жаңы окуу жылына карата мектептерде даярдык жүрүүдө

Жалал-Абад облусунда 2023-2024-жаңы окуу жылынын башталышынын алкагында мектеп мугалимдерине өрт коопсуздук чаралары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, практика түрүндө баштапкы өрт өчүрүүчү шаймандарын иштетүүнү үйрөтүүдө.

2023-2024-жаңы окуу жылына карата мектептерди даярдыкка келтирүүнүн алкагында район, шаардык бөлүмдөр тарабынан 186 мектепте 449 мугалимге өрткө каршы нускама, 22 мектепте 394 мугалимге өрт коопсуздугу тууралуу лекциялар өтүлгөн.

Жыйынтыгында тиешелүү тараптарга мектептердин өрт коопсуздук абалдары боюнча маалыматтар берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу