Жаңылыктар

23.04.2024 01:05

   Кароолор: 51

ЖАЛАЛ-АБАД: ТЫНЫМСЫЗ ЖААГАН ЖААНДАН 42 ҮЙДҮ СЕЛ КАПТАДЫ

19:30да тынымсыз жааган жаандын кесепетинен

Ноокен району Момбеков айыл өкмөтүнүн Бостон айылында кокту-колотордон чогулган сел суулары 42 турак жайды каптап, 3 үйдүн ичине кирип, Бишкек – Ош автоунаа жолунун 510-чакырымында унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан.

Аталган кырдаалды жоюу үчүн Жалал-Абад башкармалыгынан ыкчам топ тартылып, штаб түзүлгөн. Жерине Сузак ,Базар-Коргон, Ноокен райондорунан жана Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 122 куткаруучусу тартылып, кооптуулук жаралган аймакта жашаган жарандарды коопсуз жайган эвакуциялап, тактоо жумуштарын колго алышты.

Жерине райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 29 инженердик техникасы тартылып, кооптуулук убактылуу жоюлду.

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жана Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуу башчысы Абсаттар Сыргабаев табият кырдаалынан жаралган абал менен таанышып, тийиштүү ыкчам чара көрүү тапшырмаларын койду.

Кошумча маалымат берилет

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу