Жаңылыктар

25.06.2024 15:19

   Кароолор: 471

ЖАЛАЛ-АБАД: ТҮШҮМДҮ КООПСУЗ ЖЫЙНАЙЛЫ

Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицердик курамы тарабынан район аймагындагы кылкандуу дан эгиндерин ооруп жыйноодо өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Район аймагындагы айыл аймак башчыларына жана жергиликтүү тургундарга өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча эскертүү баракчалары берилип, кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо учурунда өрт өчүрүү кызматтары тарабынан көрсөтүлгөн талаптарга ылайык иш жүргүзүүнү түшүндүрүштү.

Жеке менчик техника ээлерине өрт кырсыгы катталган учурда 112 жана 101 номерине байланышуу керектигин эскертип, алардын кызыккан суроолоруна жооп беришти.

Белгилей кетсек, Базар-Коргон району боюнча 8594 гектар кайракы түшүм жыйноочу аймактар бар.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу