Жаңылыктар

29.08.2025 18:05

   Кароолор: 265

ЖАЛАЛ-АБАД: ТОКОЙДОН ӨРТ ЧЫГЫП, 200 АДАМ ӨЧҮРҮҮ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ

Алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Балтыркан көлүнүн жанында жайгашкан токойдон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчилиги астында 15 куткаруучу, РИИБден 10, аскер бөлүктөн 50 жоокер, токой кызматынан 10, жергиликтүү тургундардан 125 адам, жалпы 200 жаран тартылып өчүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу