Жаңылыктар

25.04.2024 11:10

   Кароолор: 290

ЖАЛАЛ-АБАД: ТАЗАЛОО ЖУМУШТАРЫ УЛАНЫП, 13 203 м3 СЕЛ КАЛДЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

20-апрелден 24-апрелге чейин нөшөрлөгөн жамгырдан улам Жалал-Абад облусунун район шаарларында жалпы 22 сел кырсыгы катталып, 705 турак жайдын короолорун сел суулары каптаган. Жалпысынан 14 390 ички чарбалык жолдор, 10 ички көпүрө жабыркап, 2 турак жай авариялык абалда экени түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталган.

Мындан сырткары Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды тактоо ишин жүргүзүүдө. Сел 88 гектар айдоо жерин 4750 метр сел өтүүчү каналдарды алган.

Жабыр тарткан аймактар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы тарабынан залалсыздандырылды. Ал эми тазалоо иштеринин натыйжасында 13 203 м3 сел калдыктары чыгарылды.

Аталган аймактарда ӨКМден 32 автоунаа, 342 куткаруучу, 34 мотопомпа менен сел суулары тазаланган.

Облустук жана район шаардык ЖК кызматтарынан 903 кызматкер, 118 техника, 9 мотопомпа менен тазалоо жумуштарын алып барышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу