Жаңылыктар
05.09.2023 10:55
Кароолор: 684
Жалал-Абад: Таш-Көмүрдө 54 жаштагы жаран изделүүдө
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын 1969-жылы туулган К.Ж. аттуу тургуну үстүбүздөгү жылдын 25-август күнү саат 07:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Буга чейин аталган жаранды Таш-Көмүр шаардык Ички иштер министрилигинин кызматкерлери тарабынан издөө иши жүргүзүлүп, бирок анын жыйынтыгы болгон эмес.
4-сентябрь күнү дайыны чыкпай жаткан 54 жаштагы жаранды издөө боюнча кайрылуу ӨКМдин 112 кызматына түшүп,бүгүн аны издөөгө Таш-Көмүр шаардык №57 ӨКБдан 8 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР