Жаңылыктар
29.09.2023 09:56
Кароолор: 349
Жалал-Абад: Таш-Көмүр шаарында ЖК кызматтары катышкан өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү
Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуунун 2023-жылга бекитилген даярдык иш-мерчемине ылайык Таш-Көмүр шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан 28-29-сентябрь күндөрү Таш-Көмүр ГЭСтин өндүрүштүк имаратында шаардык жарандык коргонуу кызматарынын катышуусунда өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун алкагында ГЭСтин өндүрүштүк имаратында өрт чыкандыгы маалымдалып, аталган аймактагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн чыккан Таш-Көмүр шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, 6-Өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводу, шаардык ЖКнун Коомдук тартипти сактоо кызматы, шаардык ЖКнун Медицина кызматы жана Таш-Көмүр ГЭСнин кызматкерлери тартылып, аткарган иш аракеттери практика жүзүндө көрсөтүлдү.
Башкы максат Таш-Көмүр шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын күжүрмөн даярдыгын күчөтүүгө багытталат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР