Жаңылыктар
15.03.2024 19:57
Кароолор: 477
ЖАЛАЛ-АБАД: СУЗАКТА ЖАҢЫ ӨРТ-КУТКАРУУ БӨЛҮГҮ АЧЫЛДЫ
Бүгүн, 15-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак айылында заманбап үлгүдө курулган жаңы өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн ачылыш аземи өттү.
Расмий иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Бообек Ажикеев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ, “KOICA” Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин директору Лим Соён, БУУнун Туруктуу өкүлү Александра Соловьева, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана министрликтин аймактагы өздүк курамы катышты.
№65 Өрт-куткаруу бөлүгүнүн имаратынын курулушу 2021-жылдын апрель айында башталып, Корея Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен жалпы сметалык баасы 470миң долларды түзгөн. Белгилей кетсек, аталган өрткө каршы куткаруу бөлүгү Сузак районунун 5 айыл аймагындагы 175 миңден ашуун калкын тейлейт.
Расмий саамалыкта министр Бообек Ажикеев: “Биз турган жердеги №65 өрт-куткаруу бөлүгүнүн алгачкы имараты 1954-жылы курулуп, жыл өткөн сайын эскилиги жетип, пайдаланууга таптакыр мүмкүн болбой калган. Ага карабастан күнү-түнү эл үчүн эмгектенип, кызматын туу туткан өмүр сакчылары, куткаруучуларга өзгөчө ыраазычылык билдирем. Эми биздин ишенимдүү өнөктөштөрүбүздүн жардамы менен жаркыраган жай салынып жатат. Сиздердин колдооңуздарга терең ыраазычылык билдиребиз”-, деп баса белгиледи.
Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ: “Кыргыз Республикасы биздин өкмөт үчүн негизги өнөктөш өлкө болуп саналат жана биз Кыргызстандын Өкмөтүнүн улуттук өнүгүү стратегиясына жетишүү жана анын элинин жашоо сапатын жакшыртуу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы өнүгүү кызматташтыгын бекемдөөнү улантабыз”-, деп билдирди.
Заманбап үлгүдөгү өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн имараты Корея Өкмөтү, “KOICA” Корея эл аралык кызматташуу агенттиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен курулду.
Үч тараптуу кызматташуунун алкагында макулдашылган жалпы суммасы 8 млн АКШ долларын түзгөн гранттык долбоордун алкагында өлкөдө 4 өрткө каршы куткаруу бөлүгү салынып, ал өрт өчүрүүчү унаасы, авариялык куткаруу унаасы жана куткаруу шаймандары менен камсыздалат.
Буга чейин Чолпон-Ата, Ош шаарларында андан көп өтпөй кезектегиси бүгүн Сузак жергесинде ачылды. Учурда төртүнчү ӨКБнын имараты Бишкек шаарында курулууда.
Өрт-куткаруу бөлүктөрү эс алуучу бөлмө, спорттук машыгуу залы, окуу залы, жуунучу ж.б. бөлмөлөрдөн туруп, ашканасына чейин керектүү жабдыктар, кеңсе буюмдары, куткаруу шаймандар менен толукталган.
Иш-чаранын соңунда тараптар бекем кызматташтыктын символу катары көчөттөрдү отургузушту.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР